# 32-берене. Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 32-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-32

---

1. Учуулардын коопсуздугу, аба кыймылын тейлөө, Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын Жарандык авиациянын эл аралык уюму белгилеген стандарттардан айырмаланышы менен байланышкан маалыматтар жана аба кемелерин иштетүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар аэронавигациялык маалымат жыйнагында жарыяланууга тийиш.

2. Жарандык авиация уюму, мамлекеттик башкаруу органдары жана аэронавигациянын коопсуздугуна, үзгүлтүксүздүгүнө жана майнаптуулугуна тиешеси бар маалымат булактары катары болгон башка адамдар аэронавигациялык маалымат кызматына өз убагында маалыматтарды, аны аэронавигациялык маалымат жыйнагына жарыялоо максатында берүүгө милдеттүү.

3. Аэронавигациялык маалыматтын мазмуну жана формасы, аэронавигациялык маалыматтын жыйнагына кирген маалыматтардын тиби маалымат булактары, маалыматты топтоо, берүү жана жарыялоо жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-33)
