# 30-берене. Учууларды метеорологиялык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 30-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-30

---

1. Учууларды метеорологиялык камсыз кылууну аэродромдун метеорологиялык кызматтары жана авиациялык метеорологиялык станциялар жүзөгө ашырат.

2. Учууларды метеорологиялык камсыз кылуу аба кемелеринин жана аэродромдун эксплуатанттарына, учуу экипажынын мүчөлөрүнө, аба кыймылын тейлөөчү органдарга, издөө-куткаруу кызматтарына, аэропорттордун, аэродромдордун кызматтарына жана учууларды жүзөгө ашыруу же тейлөө менен байланышкан башка органдарга берилет.

3. Берилген метеорологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык метеорологиялык байкоолордун натыйжаларын жана аэродромдордогу аба ырайынын иш жүзүндөгү абалынын жыйынтыктоо маалыматын, аба ырайынын болжолун жана учуу маршруту жана аэродромдор боюнча аба ырайынын кооптуу кубулуштарынын пайда болушу тууралуу эскертүүлөрдү камтыйт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-31)
