3-берене. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 октября 2025 года № 206
1. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Кодекстен, ушул Кодекске ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, Авиациялык эрежелеринен Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелеринен жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери болуп Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын ишин жөнгө салуучу, ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунушталуучу тажрыйбасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары саналат.
3. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу эрежелери болуп мамлекеттин улуттук, экономикалык коопсуздугу, эгемендигин коргоо, коргонуу, калктын коопсуздугу, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары саналат.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"Редакцияларды салыштыруу
01.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, Авиациялык кошулду: эрежелеринен Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелеринен жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле … жана сунушталуучу тажрыйбасына ылайык Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары саналат.
кошулду: 3. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу эрежелери болуп мамлекеттин улуттук, экономикалык коопсуздугу, эгемендигин коргоо, коргонуу, калктын коопсуздугу, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары саналат.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111262/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Аба (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>