# 28-берене. Учууларды радио техникалык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 28-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-28

---

1. Аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык байланыш, байкоо жана навигация кызмат көрсөтүүлөрүн берет.

2. Жарандык авиацияда пайдалануу үчүн байланыш каналдарын берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ар бир бөлүнгөн байланыш каналы иштен чыгып калган учурда же анын иши кандай гана жагдай болбосун токтоп калган учурда, каналдын ишинин токтотулушу аэронавигациянын коопсуздугуна коркунуч түзбөгөндөй кылып, башка канал менен алмаштырылат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-29)
