# 19-берене. Тартип бузган аба кемеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 19-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-19

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жана (же) башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты жок, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн аба кемеси, ошондой эле тыюу салынган чөлкөмгө, учуулар чектелген чөлкөмгө учуп кирген же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүнүн эрежесин бузган аба кемеси тартип бузган аба кемеси деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана аба кыймылын тейлөөчү органдын талаптарына баш ийбеген учурда, конууга мажбурланат.

2. Конуу тууралуу тескеме алган тартип бузган аба кемеси ага көрсөтүлгөн жерге конууга тийиш. Конгондон кийин жана бузуунун себептери такталгандан кийин учууну андан ары аткарууга тартип бузган аба кемесине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана аба кыймылын тейлөө органы тарабынан белгилеген тартипте уруксат берилет.

3. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун тартибин бузуп өтүү менен байланышкан чыгымдар тартип бузган аба кемесинин ээси тарабынан орду толтурулат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-20)
