# 164-берене. Аба кемелери кагылышканда келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 164-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-164

---

1. Эки же бир нече аба кемелери кагылышкан учурда, ошондой эле аба кемеси кагылышпастан эле башка аба кемесине зыян келтирген учурда, аба кемелеринин эксплуатанттарынын бири-биринин алдындагы мүлктүк жоопкерчилиги төмөнкүдөй жоболор менен аныкталат:

1) аба кемесинин бир эксплуатантынын күнөөсү боюнча келтирилген зыян ал тарабынан толук өлчөмдө орду толтурулат.

2) эгерде зыян аба кемелеринин эксплуатанттарынын экөөсүнүн (же бир нечесинин) күнөөсү боюнча келтирилсе, анда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү ар биринин күнөөсүнүн деңгээлине жараша аныкталат.

2. Зыян келтирүүдө аба кемелеринин эксплуатанттарынын күнөөлөрү жок болгондо, алардын бири дагы экинчисинен зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз.

3. Кагылышууга катышкан аба кемелеринин эксплуатанттарынын бири дагы башкача далилденгенге чейин күнөөлүү деп болжолдонбойт.

4. Аба кемесинин жүргүнчүсүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын натыйжасында пайда болгон зыян үчүн, ошондой эле аба кемесинде болгон үчүнчү жактын мүлкүнө келтирилген зыян үчүн аба кемесинин эксплуатанты ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жоопкерчилик тартат. Аба кемесинин эксплуатанты ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык, ошонун күнөөсү боюнча зыян келтирген адамга карата кайтарым талап коюууга (регресс) укуктуу.

---

Мурунку берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-163)  
Кийинки берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-165)
