# 161-берене. Доомат коюу мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 161-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-161

---

1. Жол жүк, жүк каршылыксыз алынган учурда, башкача далилденбесе, алар тийиштүү абалда жана ташуу документтерине ылайык жеткирилди деп белгиленет.

2. Жол жүк же жүк кемип калган жана (же) бузулган учурда жол жүктү же жүктү алууга укугу бар адам, жол жүктү алган күндөн 7 күндөн кеч эмес жана жүктү алган күндөн 14 күндөн кеч эмес ташуучуга жазуу жүзүндөгү доомат коюуга укуктуу. Жол жүктү же жүктү жеткирүү кармалган учурда доомат жол жүктү же жүктү алуучунун тескөөсүнө берген күндөн тартып эсептегенде 21 күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

3. Ташуучу доомат коюунун мөөнөтү өтүп кетишинин себебин жүйөлүү деп тапса, доомат коюунун мөөнөтү өтүп кетсе да дооматты кароого кабыл алууга укуктуу. Эгерде ташуучу доомат коюунун мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча дооматты кабыл алуудан баш тартса, абада ташуу келишими бузулган учурда талаптарды берүүгө укуктуу адам сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-160)  
Кийинки берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-162)
