# 160-берене. Абада ташуу келишими бузулган учурда талаптарды берүүгө укуктуу адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 160-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-160

---

Ташуучуга талаптарды коюу укугуна төмөнкүлөр ээ:

1) жол жүк жоголгон, кемип калган жана (же) бузулган, ошондой эле аны жеткирүүдө кармалган учурда - жол жүк дүмүрчөгүн же коммерциялык актыны берген жүргүнчү же ал ыйгарым укук берген адам;

2) жүк жоголгон, кемип калган жана (же) бузулган, ошондой эле аны жеткирүүсү кармалган учурда - жүктүн келгендиги (келбегендиги) жөнүндө келүүчү пункттун аэропортунун белгиси бар коммерциялык актыны же жүктүн коштомо кагазын берген, ал эми мындай коштомо кагазды көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда - жүктүн наркы төлөнгөндүгү тууралуу документти жана келүүчү пункттун аэропортунун жүктүн келгендиги (келбегендиги) жөнүндө белгиси бар жүктү жөнөткөндүгү тууралуу ташуучунун маалымдамасы бар жүк алуучу же жүк жөнөтүүчү;

3) почта жоголгон, кемип калган, бузулган же почтаны жеткирүү кармалган учурда - почта баруучу пункттун почта байланышынын уюму;

4) ташуучунун демилгеси боюнча абада ташуу келишими токтотулган учурда - жүргүнчү.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-161)
