# 16-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салуулар же чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 16-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде коомдук жана мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым райондорунда коргоо жаатында аба кемелеринин учууларына чектелиши же тыюу салынышы мүмкүн.

2. Коомдук жана мамлекеттик кызыкчылык үчүн, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аймагынын үстүнөн аба кемелеринин учуулары убактылуу чектелиши же тыюу салынышы мүмкүн.

3. Учуулар үчүн тыюу салынган же чектелген чөлкөмдүн чектери, жайгашуусу жана мезгили аэронавигациялык картага түшүрүлөт жана Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагына жарыяланат, ал эми ал мүмкүн болбой калган учурларда, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларга аэронавигациялык маалыматтын каражаттары аркылуу жеткирилет.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-17)
