16-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салуулар же чектөөлөр
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 октября 2025 года № 206
1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде коомдук жана мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым райондорунда коргоо жаатында аба кемелеринин учууларына чектелиши же тыюу салынышы мүмкүн.
2. Коомдук жана мамлекеттик кызыкчылык үчүн, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аймагынын үстүнөн аба кемелеринин учуулары убактылуу чектелиши же тыюу салынышы мүмкүн.
3. Учуулар үчүн тыюу салынган же чектелген чөлкөмдүн чектери, жайгашуусу жана мезгили аэронавигациялык картага түшүрүлөт жана Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагына жарыяланат, ал эми ал мүмкүн болбой калган учурларда, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларга аэронавигациялык маалыматтын каражаттары аркылуу жеткирилет.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"Редакцияларды салыштыруу
01.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аймагынын үстүнөн аба … аэронавигациялык маалыматтын каражаттары аркылуу жеткирилет.
кошулду: (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы №88-б "Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу…Распоряжение · 19.03.2020 · № 88-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 88-б буйругуРаспоряжение · 19.03.2020 · № 88
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111262/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Аба (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>