# 158-берене. Коммерциялык актыларды түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 158-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-158

---

1. Ташуучунун мүлктүк жоопкерчилиги үчүн негиз болуучу жагдайлар коммерциялык акт менен ырасталат. Коммерциялык акт жүргүнчүнүн, жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун талабы боюнча ташуучу тарабынан түзүлөт. Коммерциялык актыны түзүү тартиби жана коммерциялык актыны түзүүнү талап кылбаган жагдайларды ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелери менен белгиленет.

2. Коммерциялык акт жол жүктү, жүктү же почтаны берүүдө төмөнкүдөй жагдайларды ырастоо үчүн түзүлөт:

1) ташуучу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга жүктүн аталышы, анын салмагы (массасы), бирдик саны же жүктүн орду шайкеш келбегенде;

2) жүктү, жол жүктү же почтаны бузганда;

3) жүк, жол жүк же почта жоголгондо же кемип калганда;

4) ташуучу документтери жок жүктөр, жол жүктөр же почта, ошондой эле жүксүз, жол жүксүз же почтасыз ташуучу документтер табылганда.

3. Коммерциялык актынын жок болушу жүргүнчүнүн, жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун доомат коюуга же даттанууга болгон укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-159)
