# 154-берене. Жүргүнчүнү, жол жүктү жана жүктү жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 154-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-154

---

1. Эгерде жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүү жеңилгис күчтүн кесепетинен орун алгандыгын жана жеткирүү мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүүнү болтурбоо үчүн зарыл чаралардын бардыгы көрүлгөндүгүн же мындай чараларды көрүү мүмкүн болбогондугун ташуучу далилдебесе, жүргүнчүнү, жол жүктү же жүктү жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Жүргүнчүнү, жол жүктү же жүктү жеткирүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн жоопкерчиликтин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелери же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-155)
