# 153-берене. Жол жүктүн, жүктүн жана жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголгондугу, кемип калгандыгы жана (же) бузулгандыгы үчүн ташуучунун жоокерчилигинин өлчөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 153-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-153

---

1. Жүктүн, жол жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдө жоопкерчилик тартат:

1) жарыяланган наркы менен абада ташууга кабыл алынган жол жүктүн, жүктүн жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн - жарыяланган нарктын өлчөмүндө;

2) наркы жарыяланбаган абада ташууга кабыл алынган жол жүктүн, жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн - алардын анык наркынын, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген чектен жогору болбогон өлчөмүндө.

2. Жол жүктүн, жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын анык наркы кассалык же товардык чекте же товарга төлөөнү аныктаган башка документте, же келишимде каралган баалардан улам, ал эми ал жок болсо, мындай товар сатылып алынган жердеги ушуга окшош товарга болгон орточо рыноктук баадан улам аныкталат.

3. Эл аралык аба ташууларда жүктүн, жол жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн ташуучу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-152)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-154)
