# 152-берене. Жол жүктүн, жүктүн жана жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын жоголгондугу, кемип калгандыгы жана (же) бузулгандыгы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 152-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-152

---

1. Ташуучу жол жүктүн, жүктүн жана жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн, аны абада ташууга кабыл алган учурдан тартып жана жүргүнчүгө же алуучуга, же ыйгарым укуктуу башка жеке же юридикалык жакка бергенге чейин, эгерде жол жүктүн же жүктүн жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу анын күнөөсү боюнча болбогондугун жана зыян келтирүүгө болтурбоо боюнча бардык тийиштүү чаралардын көрүлгөндүгүн же мындай чара көрүү мүмкүн болбогондугун далилдебесе, жоопкерчилик тартат.

2. Ташуучу жүргүнчүнүн жанындагы буюмдардын сакталышы үчүн, эгерде алардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу ташуучунун күнөөсү боюнча болбогондугун далилдебесе, жоопкерчилик тартат.

3. Эл аралык аба ташууларында жол жүктүн, жүктүн, ошондой эле жүргүнчүнүн жанындагы бумдардын жоголушу, кемип калышы жана (же) бузулушу үчүн ташуучу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-153)
