# 151-берене. Жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 151-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-151

---

1. Ташуучу, эгерде келтирилген зыян жеңилгис күчтүн кесепетинен же жабыр тарткан адамдын ниети боюнча жасалгандыгын далилдебесе, абада ташууда жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат.

2. Жүргүнчүнү абада ташууларында жүргүнчүнү учуп чыгуучу аэропортто аба кемесинин бортуна кирген мезгилден жүргүнчү баруучу аэропортто аба кемесинин бортунан чыгып кеткенге чейинки мезгилди камтыйт.

3. Эл аралык аба ташууларда жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыян үчүн ташуучунун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле аба ташуулары келишимине ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-152)
