# 144-берене. Авиациялык жумуштар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 144-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-144

---

1. Авиация жумуштары аба кемелеринде, планёрлордо, дельтапландарда, аба шарларында жана өлчөмүнө жана салмагына карабастан башка учуучу аппараттарда аткарылат.

2. Авиациялык жумуштардын түрлөрү боюнча кызмат көрсөтүүлөр сый акы үчүн келишим боюнча авиациялык жумуштарды аткаруучу эксплуатант тарабынан көрсөтүлөт. Авиациялык жумуштардын тизмеги, аларды аткаруу тартиби жана авиациялык жумуштарды аткаруучу эксплуатантын тастыктамалоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

3. Авиациялык жумуштарды аткаруучу эксплуатант авиациялык жумуштарды аткаруу келишими боюнча тапшырыкчы үчүн ушул келишим менен каралган тартипте, мөөнөттө жана көлөмдө авиациялык жумуштарды аткарууга милдеттенет. Тапшырыкчы келишимде каралган авиациялык жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткарууга жана авиациялык жумуштарды аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-145)
