141-берене. Чет өлкөлүк эксплуатанттардын эл аралык коммерциялык абада ташуулары
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы · 20-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2019 года № 3
Аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты Кыргыз Республикасында эл аралык үзгүлтүксүз коммерциялык абада ташууларды жүзөгө ашырат:
1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдаланган учурда - ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган тартипте;
2) башка учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 11 января 2019 года № 3 "О внесении изменений в Воздушный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.01.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Чет өлкөлүк эксплуатанттардын эл аралык коммерциялык абада ташуулары
алынып салынды: 1. Аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты кошулду: Кыргыз Республикасында эл аралык үзгүлтүксүз коммерциялык абада ташууларды жүзөгө ашырат:
1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдаланган учурда - ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган тартипте;
2) башка учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык алынып салынды: келишимдеринин жоболоруна же жарандык авиация органы тарабынан берилген уруксаттын негизинде Кыргыз Республикасында эл аралык коммерциялык абада ташууларды ишке ашырат.
2. Аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты төмөнкүлөргө укуксуз:
1) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аба кемесинин бортуна чет мамлекеттин аймагына абада ташуу үчүн жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү же почтаны кабыл алууга же аларды чет мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө;
2) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аба кемесинин бортуна Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде абада ташуу үчүн жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү же почтаны кабыл алууга.кошулду: келишимдерге ылайык.
(КР 2019-жылдын 11-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111262/st-141" title="141-берене - Кыргыз Республикасынын Аба (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>