# 140-берене. Көзөмөлдөө иш-милдеттерин жана милдеттерин өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 140-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-140

---

1. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилген аба кемеси ижаралоо келишимине ылайык аба кемеси чет өлкөлүк эксплуатант тарабынан иштетилгенде Кыргыз Республикасы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга ылайык аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты менен макулдашуу түзүү жолу менен өзүнүн көзөмөлдөө иш-милдетин жана милдеттеринин бардыгын же бир бөлүгүн, ушул аба кемесине карата катталган мамлекет катары өткөрүп бериши мүмкүн, андан кийин Кыргыз Республикасы өткөрүп берген иш-милдеттери жана милдеттерине карата жоопкерчиликтен бошотулат.

2. Чет өлкөдө катталган аба кемеси ижаралоо келишимине ылайык Кыргыз Республикасында иштетилсе, ушул аба кемесин каттаган мамлекет Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга ылайык Кыргыз Республикасы менен макулдашуу түзүү жолу менен өткөрүлүп берилген иш-милдеттерге жана милдеттерге карата өзүнө жоопкерчилик алган, Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн мамлекет катары, өзүнүн көзөмөлдөө иш-милдетин жана милдеттеринин бардыгын же бир бөлүгүн өткөрүп бере алат.

3. Көзөмөл иш-милдетин жана милдеттерин өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун компетенттүү органы тарабынан катталат.

4. Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 83bis беренесине ылайык башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкактарында аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатантынын мамлекети тарабынан учууларга карата берилген жана тастыкталган жарактуулук тууралуу күбөлүктүн, тастыктаманын жана ырастаманын, ошондой эле радио жабдууларын пайдаланууга уруксаттын жана экипаж мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-141)
