# 14-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануудагы артыкчылыктар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 14-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин бардык пайдалануучулары аны пайдаланууда тең укуктарга ээ.

2. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууда керектөө муктаждыгы келип чыкканда, аны пайдалануу укугу аба мейкиндигин пайдалануучуларга төмөнкүдөй ырааттуулукта берилет:

1) мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде санкцияланган аскердик операциялар;

2) издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген табигый кырсыктар, кыйроолор, авариялар жана өзгөчө кырдаалдар жана жагдайлар;

3) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар;

4) өзгөчө маанилүү учууларды аткарууну кошкондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылуучу атайын учууларды аткаруу;

5) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн аскердик ташуулар менен байланышкан учууларды аткаруу;

6) бортунда жүргүнчүлөрү менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүксүз аба ташууларын аткаруу;

7) бортунда жүгү же почта менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүксүз аба ташууларын аткаруу;

8) бортунда жүргүнчүлөрү менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүктүү аба ташууларын аткаруу;

9) бортунда жүгү же почта менен жарандык аба кемелеринде үзгүлтүктүү аба ташууларын аткаруу;

10) мамлекеттик аба кемелеринде учууларды аткаруу;

11) авиациялык жумуштарды жана башка (жеке, окутуу-машыгуучу, спорттук жана башка) учууларды аткаруу.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-15)
