# 139-берене. Аба кемесин ижаралоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 139-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-139

---

1. Аба кемеси экипаж менен же экипажсыз ижараланышы мүмкүн.

2. Тастыктамалоодо аба кемесинин эксплуатанты жарандык авиация органына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик же расмий тилдердеги ижара келишимин бардык зарыл документтерди тиркөө менен берет. Келишимде аба кемесин ижаралоо тиби, техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун, учуулардын коопсуздугун жана учуу эксплуатациясын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтин шарттары камтылууга тийиш.

3. Жарандык авиация органы аба кемесинин эксплуатантынан ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жоболорду албаганда, аба кемесин ижаралоонун жоболорун макулдашууну же жактырууну талап кылууга укуксуз.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-140)
