# 133-берене. Ички жана эл аралык аба ташуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 133-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-133

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жөнөтүү пункту, баруучу пункт жана бардык токтоочу пункттар каралган аба ташуулары ички аба ташуулары болуп саналат.

2. Ташууда жүктөө жана (же) жүк түшүрүү же тыныгуу болгондугуна карабастан жөнөтүү пункту жана баруучу пункттары бар аба ташуулары эл аралык аба ташуулары болуп саналат, алар төмөнкүдөй жайгашат:

1) эки жана андан көп мамлекеттин аймагында;

2) эгерде башка мамлекеттин аймагында токтотуу пункту (пункттар) каралса, бир мамлекеттин аймагында.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-134)
