# 127-берене. Кырсык жөнүндө кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 127-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-127

---

1. Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемеси жөнүндө маалыматты токтоосуз берүү үчүн жеке жана юридикалык жактар өз байланыш каражаттарын берүүгө милдеттүү.

2. Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесине, анын экипажына жана жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүү жөнүндө телефондук байланышты берүү, ошондой эле телеграммаларды берүү жана кабыл алуу кезексиз жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

3. Аткаруу бийлиги органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык авиация органдары аларга аба кемесинин кырсыгы тууралуу бардык белгилүү болгон окуяларды Кыргыз Республикасынын авиациялык издөө-куткаруучу кызматына же жакынкы аэродромго же аэропортко токтоосуз кабарлоого, ошондой эле авиациялык издөө-куткаруучу кызматы келгенге чейин мындай аба кемесин издөөнү жана сактоону уюштурууга катышууга жана жүргүнчүлөрдү жана экипажды сактоого карата кечиктирилгис чараларды көрүүгө, аларга медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө, ошондой эле аба кемесин жана анын бортундагы документтерди, жабдууларды жана мүлктөрдү кайтарууга милдеттүү.

4. Жеке жана юридикалык жактар аларга аба кемесинин кырсыгы тууралуу бардык белгилүү болгон окуяларды жакын турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же мамлекеттик бийлик органдарына токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

5. Авариялык-куткаруучу жабдуулар менен жабдылбаган аба кемелерине учууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-128)
