# 124-берене. Кырсыкка кабылган аба кемесине, жүргүнчүлөрүнө жана экипажына издөөнү токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 124-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-124

---

1. Эгерде кырсыкка кабылган аба кемесин издөө иштери эч кандай натыйжа бербесе, издөөнү токтотуу жөнүндө чечим, ушул аба кемеси реестринде катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыкка кабылган чет өлкөлүк аба кемесин издөөнү токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан кабыл алынат.

3. Издөө расмий түрдө токтотулган аба кемеси, эгерде ушул аба кемесинин же анын сыныктарынын орду белгиленбесе, дайынсыз жоголгон деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-125)
