# 123-берене. Издөө-куткаруучу иштерин камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 123-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-123

---

1. Кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесин, анын жүргүнчүлөрүн жана экипажды издөө жана куткаруу боюнча иштер, издөө-куткаруучу күчтөрдү жана каражаттарды аэродромдордо жана аэропорттордо чогултуу, мындай иштердин жүрүшүндө учууларды техникалык тейлөө жана камсыз кылуу кезексиз жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

2. Кырсыкка кабылган аба кемесин кырсык болгон жерден эвакуациялоо аба кемесинин эксплуатантынын же менчик ээсинин күчү жана ресурстары менен жүзөгө ашырылат.

3. Чет өлкөлүк мамлекеттин кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесинин жүргүнчүлөрүнө жана экипажына жардам Кыргыз Республикасынын кырсыкка кабылуучу же кырсык болгон аба кемесинин жүргүнчүлөрүнө жана экипажына көрсөтүлгөндөй тартипте жана ушундай эле шарттарда көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-124)
