# 118-берене. Буюм далилдерди сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 118-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-118

---

1. Авиациялык кырсыктар же инциденттер болгон аймактагы бийликтин жергиликтүү органдары, жеке жана юридикалык жактар кырсык болгон жерди, аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн, объективдик контролдоонун борттук жана жердеги каражаттарын, аба кемесинин бортунда болгон бардык предметтерди, ошондой эле кырсык болгон жердеги авиациялык кырсык же инцидент аркылуу зыян келтирген предметтерди кайтарууну, аба кемесин өндүрүүгө, оңдоого жана иштетүүгө жана анын учуусун камсыз кылууга тиешелүү болгон бардык документацияларды териштирүү боюнча органдын өкүлдөрү келгенге чейин чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Өрттүн натыйжасында жана башка себептерден улам аба кемесинин кыйроосуна бөгөт коюу үчүн, же эгерде аба кемеси аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыз кылууга тоскоолдук келтирип жаткан болсо, адамдарды, жол жүктү жана жүктөрдү бошотуу үчүн аба кемеси авиациялык кырсык же инцидент болгон жерден башка жерге которулушу мүмкүн.

3. Аба кемесинин бортунда орнотулган үн жазуучу орнотмону чечмелөөдө алынган маалымат иликтөө боюнча органдын же Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимине чейин жайылтылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-119)
