# 110-берене. Айлана чөйрөнү коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 110-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-110

---

1. Жарандык авиация уюму жана башка мамлекеттик органдар авиациялык иштин натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон тышкы факторлор менен байланышкан авиациялык ызы-чуудан жана кыймылдаткычтардын зыяндуу агындыларынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чара көрөт.

2. Аэродромдордо жана алардын айланасында кыймылдаткычтардын ызы-чуусунун жана зыяндуу агындыларынын алгылыктуу деңгээли, кыймылдаткычтардын ызы-чуусунун жана зыяндуу агындыларынын деңгээлине мониторинг жүргүзүүнүн режими, аэродромдордун белгилүү жерлеринде эксплуатациялык чектөөлөрдү киргизүү, ошондой эле авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясынын кесепеттерин жеңилдетүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-111)
