# 109-берене. Аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 109-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-109

---

1. Ички аба каттамдары боюнча аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмү жарандык авиация органы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуу боюнча аэропорттун эксплуатанты тарабынан аныкталат.

2. Эл аралык аба ташуулары боюнча аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмү жарандык авиация органы менен алдын ала макулдашуу боюнча аэропорттун эксплуатанты тарабынан аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык учууларды жүзөгө ашырган жердеги тейлөөнү пайдалануучуларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, жердеги тейлөөнү пайдалануучулар аэропорттун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөйт.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-110)
