# 107-берене. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 107-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-107

---

1. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр аэродромдун эксплуатанты, жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жарандык авиация органынан уруксаты бар юридикалык же жеке жак тарабынан бере алышат.

2. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө уруксат берүү тастыктамалоо жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу мөөнөткө берилет.

3. Жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө уруксат алуу үчүн кароого жатуучу уюштуруучулук, финансылык, техникалык, технологиялык, кадр маселелери, ошондой эле уруксатты берүүнүн, өзгөртүүнүн, колдонууну токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

4. Аба кемесинин эксплуатанты жердеги тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жеке адамдар же уюмдар менен тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүү тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-108)
