# 106-берене. Аба кемелерин жердеги тейлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 106-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-106

---

1. Коммерциялык аба ташуулары үчүн багышталган аэродромдо жердеги тейлөө уюштурулат. Аба кемелерин жердеги тейлөө жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, почта жана жүктү тейлөө боюнча, аба кемесин учуу алдында жана учуудан кийин техникалык тейлөө, авиациялык күйүүчү май жана борттук тамак-аш менен жабдылоо, керектүү учуу документацияларын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле учууну аткаруунун коопсуздугу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.

2. Жердеги тейлөө боюнча уюм ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө башка жүргүнчүлөр менен тең шартта аба транспортунда жүрүү мүмкүндүгүн камсыз кылуучу тартипте өз кызмат көрсөтүүлөрүн берет.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-107)
