# 101-берене. Аэродромдун объекттерин алардын иштөө жөндөмдүүлүгүн колдоо үчүн текшерүү жана тейлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 101-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-101

---

1. Аэродромдун эксплуатанты аэродромдо маневрлөө аянттарын, перрондорду, курулмаларды, орнотмолорду жана жабдууларды аэродром ачылганга чейин, айрыкча интенсивдүү кыймыл мезгили башталганга чейин текшерүүнү жүргүзүү, ошондой эле аэродромдун иштөө убагында ыңгайсыз метеорологиялык шарттар башталганда текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Аэродромдордун эксплуатанттары маневрлөө аянттарын жана перрондорду дайыма тейлөөнү камсыз кылышат жана аба кыймылын тейлөө уюмунун ыйгарым укуктуу пунктуна алардын абалы жөнүндө кабарлап турат.

3. Аэродромдун объекттерин күтүп алуунун, текшерүүнүн жана маркирлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-102)
