1-берене
Күчүндө · 04.08.2015 редакциясы
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.".
2. 2-1-статьяда "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ар бир камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери менен жекече камсыздандыруу эсебин ачат.".
4. 7-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт."; жетинчи абзацында "жаңы күбөлүк" деген сөздөр "көрсөтүлгөн күбөлүктүн дубликатын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 04.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111260/st-1" title="1-берене - Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>