# 9-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнү токтотуу, убактылуу токтотуу

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112044); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766); 20.10.2017 [Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235913..1235914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 9-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-9

---

1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү жаранды расмий жумушсуз катары эсептен алып салуу менен бирге төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаранды иш менен камсыз кылынган катары тааныганда;

2) расмий жумушсуз эки айдын ичинде жүйөлүү себептерсиз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келбегенде;

3) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында каралган тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;

4) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) жалган маалыматтарды берүүдөн улам жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып жатканда;

6) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондо;

7) каза болгондо.

2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө төмөнкүдөй мезгилге токтотулат:

1) жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан;

2) окуп жаткан мезгилине стипендия төлөнүү менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өтүп жаткан.

Көрсөтүлгөн мезгилдер жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт, ал эми жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө убактысы ошол мезгилдерге узартылат.

3. Төмөнкүдөй учурларда жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө бир айга убактылуу токтотулушу мүмкүн:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жумуш берүүчү менен жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жүйөлүү себептерсиз келбегенде;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып жумушка (окууга) жолдомо алуу үчүн 3 жумушчу күндүн ичинде жүйөлүү себептерсиз келбегенде.

Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жумушсузга чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. (КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-10)
