# 6-берене. Жарандарды расмий жумушсуз деп таануудан баш тартуу үчүн негиздер

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 6-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-6

---

1. Төмөнкүлөр расмий жумушсуздар деп таанылбайт:

1) 16 жашка толо элек жарандар;

2) Кыргыз Республикасынын пенсия мыйзамдарына ылайык жаш курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар;

3) аларга ылайыктуу жумуш сунуш кылуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде келбеген, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар;

4) убактылуу мүнөздөгү жумушту кошо алганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ылайыктуу жумуштун эки вариантынан баш тарткан, биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген) жана мында кесиби (адистиги) болбогон жарандар;

5) убактылуу мүнөздөгү жумушту кошо алганда, кесиптик даярдыктан же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар. Жаранга бир эле жумуш, бир эле кесип, адистик боюнча кесиптик даярдык, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу эки жолу сунушталбайт;

6) жумушу жана эмгек акысы жоктугу тууралуу көз көрүнө жалган маалыматтарды камтыган документтерди берген жарандар;

7) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар;

8) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде саналган жарандар.

2. Расмий жумушсуз деп таануудан белгиленген тартипте баш тартылган жарандар өздөрүн жумушсуз деп таануу жөнүндө маселени чечүү үчүн баш тартылган күндөн тартып бир календардык айдан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан кайрылууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-7)
