# 4-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик колдоо кепилдиктери

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766); 20.10.2017 [Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235910..1235911>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 4-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-4

---

1. Иш менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүдөй кепилдиктер берилет:

1) иштин түрүн, кесипти (адистикти), эмгектин түрүн жана мүнөзүн тандоо эркиндиги;

2) иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органдарынын ортомчулугу менен ылайыктуу жумуш тандоого жана ишке орношууга көмөктөшүү;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик багыт берүү, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү алуу;

4) окууга чек боюнча окутууну кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо мезгилинде, анын ичинде убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде стипендия алуу;

5) ишкердик иштин маселелери боюнча консультация алуу;

6) акы төлөнүүчү коомдук иштердин программаларына катышуу;

7) расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча, анын ичинде алардын убактылуу ишке жараксыз мезгилинде жөлөкпул төлөө.

2. Жумушсуздарды социалдык жактан колдоого кепилдиктерди каржылоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тартибин белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. (КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-5)
