# 3-берене. Жарандардын иш менен камсыз кылынышы

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018783)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235914..23505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 3-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-3

---

Иш менен камсыз болгон жарандарга, ошондой эле ишмердиги иш менен камсыз кылууга теңештирилген жарандарга төмөнкүлөр кирет:

1) эмгек келишими боюнча толук же болбосо толук эмес жумуш убактысынын шарттарында сый акы үчүн иштеген, ошондой эле тиешелүү келишим менен тастыкталган акы төлөнүүчү иши бар, бирок оорусуна, өргүүсүнө, өндүрүштүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу убактылуу иши жоктор;

2) мамлекеттик, муниципалдык органдарда мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызмат ордун ээлегендер жана акчалай сый акы үчүн кесиптик ишти туруктуу негизде жүзөгө ашыргандар;

3) өздөрүн өз алдынча иш менен камсыз кылуучулар, анын ичинде чакан жана орто бизнес ишкерлери, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандар;

4) эгерде өндүрүлгөн продукция рынокто сатууга багытталган болсо, айыл чарба, токой чарба, аңчылык, балык уулоо продукцияларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү кошо алганда, үй чарбасында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү менен алектенгендер, өндүрүш кооперативдеринде, дыйкан (фермер) чарбаларында иштегендер, ошондой эле 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлерге ээлик кылуу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө катышкандар;

5) маңызы жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү болуп саналган жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча иштерди аткаруучулар;

6) альтернативдик кызмат өтөөчү адамдарды кошпогондо, аскердик кызмат, ошондой эле ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, бажы органдарында, жазык-түзөтүү системасынын, өрткө каршы кызматтын мекемелеринде жана органдарында кызмат өтөп жаткандар;

7) аскер окуу жайларында жана аскер академияларында окутууну кошкондо, жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу курстарынан өткөндөр;

8) иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген коомдук коммерциялык эмес уюмдарда иштеп жаткандар;

9) ушул уюмдарга карата мүлктүк укуктарга ээ эмес коомдук уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун, юридикалык жактардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана бирликтеринин) уюштуруучуларын (катышуучуларын) кошпогондо, уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) болуп саналгандар.

(КР 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-4)
