# 18-1-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-18-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 18-1-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-18-1

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш берүүчүлөрдөн ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде болжолдонуп жаткан түзүмдүк өзгөрүүлөр жөнүндө жана алардын натыйжасында кызматкерлердин олуттуу саны бошотулушу мүмкүн болгон башка иш-чаралар тууралуу, жумушчу күчкө муктаждыктар жөнүндө, жаңы жана кошумча жумуш орундарын ачуу тууралуу маалыматтарды суратып алууга укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек рыногунун, калкты иш менен камсыз кылуунун көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин, ар кандай социологиялык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн уюмдарды тартууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-18)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-19)
