18-1-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш берүүчүлөрдөн ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде болжолдонуп жаткан түзүмдүк өзгөрүүлөр жөнүндө жана алардын натыйжасында кызматкерлердин олуттуу саны бошотулушу мүмкүн болгон башка иш-чаралар тууралуу, жумушчу күчкө муктаждыктар жөнүндө, жаңы жана кошумча жумуш орундарын ачуу тууралуу маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек рыногунун, калкты иш менен камсыз кылуунун көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин, ар кандай социологиялык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн уюмдарды тартууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-18-1" title="18-1-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>