# 17-берене. Иш берүүчүлөрдүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүсү

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009); 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542); 20.10.2017 [Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=23505..25336>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 17-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-17

---

1. Иш берүүчүлөр төмөнкүлөрдүн негизинде калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын жүргүзүүгө көмөктөшөт:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек мамилелерин жөнгө салуучу келишимдердин шарттарын сактоонун;

2) ишканалар, уюмдар жоюлганда же кызматкерлер иштен бошотулганда кызматкерлерге компенсацияларды төлөп берүүнүн;

3) ишке орноштурууга, кесиптик даярдоого көмөк көрсөтүүнүн, иштен бошотулган кызматкерлерге иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен кошумча материалдык жардамдарды берүүнүн;

4) иштеп жаткандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн, анын ичинде насаатчылыкты жүзөгө ашыруу жолу менен шарттарды түзүүнүн;

5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аярлуу топторун ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын квоталоонун;

6) кызматкерлерди кесиптик окутууну, кайра квалификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү аркылуу адам ресурстарын башкаруунун.

2. Иш берүүчүлөр ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берип турат:

1) бош жумуш орундары (кызматтар) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;

2) иштеген адамдардын саны жөнүндө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын квоталанган жумуш орундарына ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды.

3. Иш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алгандыгы тууралуу маалыматты ишке кабыл алгандыгы жөнүндө буйрук (тескеме) чыккан күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алуудан баш тарткан учурда иш берүүчү жазуу жүзүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жаранга баш тартуунун себеби жөнүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

5. Ушул берененин 3- же болбосо 4-бөлүгүнүн жазма буйруктарын аткарбаган адам тартип же администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

6. Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-18)
