# 14-берене. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалымат базасы

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235910..1235911>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 14-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-14

---

1. Эмгек рыногунун маалыматтык системасы - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.

2. Эмгек рыногунун маалыматтык системасын түзүү, калыптандыруу жана эксплуатациялоо тартиби, анын ичинде маалыматтык системадагы маалыматтарды коргоо боюнча талаптар, маалыматтардын тизмеги жана системада пайдаланылуучу документтердин формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-15)
