# 13-берене. Расмий жумушсузду жана жумуш издөөчүнү эсептен чыгаруу

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542); 15.04.2020 [Закон КР от 15 апреля 2020 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112044); 30.03.2018 [Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235913..1235914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 13-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-13

---

( Берененин аталышы 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жумушсуз жаранды жана жумуш издөөчүнү төмөнкүдөй учурларда эсептен чыгарат:

1) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаран иш менен камсыз кылынган катары таанылганда;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки айдын ичинде келбегенде;

3) сунушталган ылайыктуу жумуштан эки жолу баш тартканда;

4) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында белгиленген тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;

5) жашаган жерин же болбосо турган жерин которууга байланыштуу кетип калганда;

6) кесиптик окутуу курстарына жүйөлүү себептерсиз келбегенде;

7) күндүзгү окуу бөлүмүнө тапшырганда;

8) анык аскердик кызматка чакырылганда;

9) каза болгондо.

10) иш менен камсыз болгондугу жөнүндө маалымдабаганда.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды жумушсуз же жумуш издеген катары кайрадан каттоо ушул берененин 1, 4, 5 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, каттоодон чыгарылган учурдан тартып 6 айдан кийин жүргүзүлөт.

(КР , 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-121)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-14)
