# 121-берене. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардам

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2024 года № 198 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О содействии занятости населения", "О государственных пособиях в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230018783)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235914..23505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 121-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-121

---

1. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жигердүү чараларынын бири болуп социалдык контракт саналат.

2. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды алуу ыктыярдуу негизде гана жүзөгө ашырылат.

3. Социалдык контракттын/келишимдин негизиндеги социалдык жардамды каржылоонун жана кошо каржылоонун булактары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин (жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгон учурда) каражаттары, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка финансылык каражаттар болушу мүмкүн.

4. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды берүүнүн тартиби, катышуучулардын саны, социалдык контрактка кол койгон адамды жумушсуз жана жумуш издеген адам катары эсептик каттоодон чыгаруу жана кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-12)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-13)
