# 10-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатында жарандардын укуктары

- Документ: [Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111258)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 214 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112542); 20.10.2017 [Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111690)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258#diff=1235913..1235914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2079/edition/1235908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111258/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө, 10-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-10

---

1. Жарандар жумуш берүүчүгө түз кайрылуу жолу менен же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акысыз ортомчулугун пайдалануу жолу менен же ишке орношууга көмөк көрсөтүүчү башка уюмдардын жардамы менен жумуш ордун тандоого укуктуу.

2. Жарандар иш (кесип), ишке орношуу чөйрөсүн, кесиптик окуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде интернет-ресурстарын пайдалануу аркылуу тандоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кесиптик багыт берүү боюнча акысыз консультацияга, маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга укуктуу.

3. Расмий жумушсуздар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомолору боюнча, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде окутууга берилүүчү чек боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга укуктуу.

4. Жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта өз алдынча жумуш издөөгө жана ишке орношууга, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшулган жалдоо программаларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортомчулук кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктуу.

Жарандар ишке орношууга көмөк көрсөтүүчү башка уюмдардын жардамы менен чет өлкөлөрдө ишке орношууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111258/st-11)
