1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде: кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "окуу-тарбиялык комплекс/автордук окуу-тарбиялык комплекс/мектеп-комплекс - окутуунун, окуучуларды ар тараптуу маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун жаңычыл/автордук программасын ишке ашыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектеп менен башка кызыкдар билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) өзүнө бириктирген көп тармактуу окуу жайы;"; кырк төртүнчү жана кырк бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "мектеп-гимназия - башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы; мектеп-лицей - башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илимий, физика-математикалык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111257/st-1" title="1-берене - Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>