4-берене
Күчүндө · 03.08.2015 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-бөлүктүн төртүнчү абзацы "Социалдык фонддун" деген сөздөрдөн кийин "компетенциясынын чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "жыйноону," деген сөз алып салынсын;
- сегизинчи абзацында "камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Социалдык фондго өз убагында жана толук түшүп турушун, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- төртүнчү абзацында "камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана" деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн администрациялык айып салууга;";
- тогузунчу абзацында "милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн четтеген жана" деген сөздөр алып салынсын;
- онунчу жана он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебин жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;";
- жетинчи абзацы "жана" деген сөздөн кийин "Социалдык фонддун компетенциясынын чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзацы "жана" деген сөздөн кийин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын компетенциясынын чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- он үчүнчү жана он бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- он алтынчы абзацында "камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиниши жана келип түшүшү жөнүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылуучулардын даттанууларын кароого.";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болуп саналат.".
3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
төртүнчү абзацында "жана айып салуулардын" деген сөздөр ", пайыздардын жана санкциялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка келип түшүүлөрдүн.".
Берененин тексти 03.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.02.2022 · № 51 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111256/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>