# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111256)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111256/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2077/edition/674953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111256/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (03.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111256/st-2

---

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 2-статьяда "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 6-статьянын 5-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "ЖААК органы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 7-статьянын 4-бөлүгү "адамдын өзүнө" деген сөздөрдөн кийин "же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 8-статьяда:

1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бул жалдоочулар камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган аймактык органдарына" деген сөздөр "бул жалдоочулар камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр алып салынсын; "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 9-статьяда:

2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жекече эсепке алуу үчүн адамдарды алгачкы жолу каттоодо иштеген ар бир адам жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө берилет;"; 3-бөлүгүндө "өзүнүн социалдык жактан коргоо күбөлүгүн" деген сөздөр "жекече идентификациялык номеринин болушун ырастаган документин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 10-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "социалдык жактан коргоо күбөлүгү" деген сөздөр "жекече идентификациялык номеринин болушун ырастаган документ" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 11-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18-статья. Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111256/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111256/st-3)
