Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 17-глава
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде:
1) колдонуудагы мыйзамдарды анын Мыйзамга ылайык келүү предметине карата инвентаризациялоону жүзөгө ашырсын;
2) ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
3) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
4) ушул Мыйзамдын колдонулушун түшүндүрүү боюнча уюштуруучулук-усулдук иштерди жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Социалдык фонду, Улуттук статистикалык комитети жана аткаруу бийлигинин органдарынын тутумуна кирбеген, бирок административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруучу башка органдар ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде ушул берененин 2-бөлүгү менен белгиленген иш-чараларды өткөрсүн.
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууга байланышпаган жарандардын кайрылууларын кароого тиешелүү бөлүгүндө гана колдонулат.
5. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 6, 250-ст.); "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 мамлекеттик тилдеги Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 964-ст.); "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 расмий тилдеги Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 935-ст.); "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-майындагы № 392 токтому (2004-жылдын 15-июлундагы № 25-26 "Эркин Тоо" газетасына "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары" тиркемеси).
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
2015-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-декабрындагы № 595-б ("Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча…Распоряжение · 08.12.2015 · № 595-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2017 · № 340 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.07.2013 · № 178
- Администрациялык жол-жоболор жөнүндөЗакон · 01.03.2004 · № 16 · Күчүн жоготкон
- КР 2004-жылдын 27-майындагы № 392 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2004 · № 392 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-96" title="96-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>