# 91-берене. Административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүчү чыгашалар

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 91-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-91

---

1. Эгерде бул иш алардын ушул администрациялык органдагы кызматтык же эмгектик милдеттерине кирбеген учурда, административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда эксперттердин жана котормочулардын ишине акы төлөнөт.

2. Административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда күбөлөрдүн, эксперттердин жана котормочулардын катышуусуна байланышкан чыгашаларга ал жактарды администрациялык органдардын кайсынысы (мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) чакыргандыгына жараша республикалык бюджеттин, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.

Эгерде эксперт жана котормочу административдик жол-жобонун кайсы бир катышуучусу тарабынан чакырылса, анда тиешелүү чыгашаларды ошол катышуучу тартат.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жактарга тиешелүү акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө, ал эми алар административдик жол-жобонун кайсы бир катышуучусу тарабынан чакырылган учурда - алардын ортосундагы макулдашуу менен белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнөт.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-92)
