# 90-берене. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруудагы башка чыгашалар

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 90-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-90

---

1. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруудагы башка чыгашаларга төмөнкүлөр таандык болот:

1) административдик даттануу боюнча административдик актыны же чечимди же башка документтерди даректелгенге тапшырууга, ошондой эле күбөлөрдү, эксперттерди жана котормочуларды чакыртууга байланышкан чыгашалар;

2) административдик актыны жарыялоого жана угузууга байланышкан чыгашалар;

3) административдик актыга же жол-жобого тиешеси бар башка документтердин кошумча нускаларын тапшырууга байланышкан чыгашалар, ошондой эле ал документтерден көчүрмөлөрдү (ксерокөчүрмөлөрдү) жана алардан үзүндүлөрдү алууга жана акыркыларын берүүгө байланышкан чыгашалар;

4) административдик жол-жобого катышууну камсыз кылууга же административдик жол-жобого байланышкан телеграммаларга жана эл аралык телефон чалууларга байланышкан чыгашалар;

5) иш сапарына чыгашалар;

6) башка администрациялык органдарга же башка жактарга көрсөтүлгөн жардам же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөнүүгө тийиш болгон суммалар;

7) буюмдарды ташууга же сактоого байланышкан чыгашалар;

8) административдик даттануу боюнча административдик актыны же чечимди аткаруу боюнча администрациялык органдын чыгашалары;

9) административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүчү суммалар.

2. Ушул берененин 1-бөлүгү менен каралган чыгашалар административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу органга жүктөлөт, ал эми экспертти же котормочуну чакырууга байланышкан чыгашалар ушул Мыйзамдын 91-беренеси менен каралган тартипте компенсацияланат.

Административдик жол-жобо ишинин материалдарынан көчүрмөлөрдү жана үзүндүлөрдү жасоого байланыштуу чыгашаларды мындай талап койгон жак тартат. Бул учурда чыгашалар администрациялык орган тарабынан жасалган иш жүзүндөгү көчүрмөлөргө жана үзүндүлөргө сарптоолордон ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-91)
