# 87-берене. Актынын же чечимдин дубликатын берүү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 87-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-87

---

1. Акт же чечим жоголгондо, жараксыз болуп калганда жана аларды пайдалануу мүмкүн болбогон башка учурларда, кызыкдар жак актынын же чечимдин дубликатын берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Дубликатты берүү жөнүндө арыз документтин колдонуу мөөнөтүү аяктаганга чейин берилиши мүмкүн.

Актынын же чечимдин дубликатын берүү арыз түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу административдик орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Актынын же чечимдин дубликатын берүүдө мыйзамдар менен каралган өлчөмдө жана тартипте мамлекеттик алым алынат.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-88)
