# 81-берене. Мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө эскертүү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 81-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-81

---

1. Милдеттүү жак мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө эскертилүүгө тийиш. Эскертүүдө тиешелүү милдетти аткаруунун мөөнөтү белгиленип, анын ичинде милдеттүү жакка өзү үчүн алгылыктуу жана мыйзам менен тыюу салынбаган ыкма менен аны аткаруу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн.

2. Эгерде аракеттердин милдеттүү жактын эсебинен аткарылышы чоң сарптоолорго алып келсе, эскертүүдө кийинки талаптарды коюуга бөгөт болбогон чыгашалардын сметасы белгиленүүгө тийиш.

3. Акчалай мажбурлоону колдонуу жөнүндө эскертүүдө акчалай мажбурлоонун белгилүү өлчөмү белгиленүүгө тийиш.

4. Милдет аткарылганга чейин же администрациялык орган түздөн-түз мажбурлоону колдонгонго чейин эскертүү кайталана бериши мүмкүн. Бул убакыттын ичинде эскертүү өзгөртүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.

5. Эскертүү жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана административдик актылар ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте милдеттүү жакка тапшырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-82)
